super.kg logo

Жалал-Абадда милиция кызматкерине бычак сайып жиберген 16 жашар өспүрүм кармалды

 

Жалал-Абадда милиция кызматкерине бычак сайып жиберген 16 жашар өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-декабрда саат 21:20 чамасында Жалал-Абад шаарынын Токтогул эс алуу багында кызмат өтөп жаткан 2 милиция кызматкери тамеки тартып жаткан топ балдардын жанына барып, коомдук жайда тамеки тартууга мүмкүн эместигин эскертишкен. Ошол учурда пикир келишпестик жаралып балдардын бири учтуу нерсе менен милиция кызматкеринин бирин колго сайып жиберген.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургуну 2007-жылы туулган Т.А. жана жанында болгон 6 бала тергөөгө камсыз кылынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: