super.kg logo

Бишкекте студенттердин эл аралык "Жаңы ысымдар" театр фестивалы ачылды

 

Бишкекте Студенттик спектаклдердин эл аралык VIII "Жаңы ысымдар" театр фестивалынын ачылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Искусство университетинен билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 18-декабрда Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драм театрында Студенттик спектаклдердин эл аралык VIII “Жаңы ысымдар” театр фестивалынын ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземинде уюштуруучулар тарабынан фотозона, каармандар аллеясы уюштурулду.

Фестивалдын ачылыш аземин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев ачып, бардык катышуучуларга ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, аталган иш чарага Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан студенттер жана калыстар келген.

"Фестиваль 2023-жылдын 18-декабрынан 21-декабрына чейин болот.

Бул саамалык Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети тарабынан уюштурулуп, өткөрүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: