super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын кеңешинин отурумуна катышты

 

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Москва шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин отурумуна катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чараны Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин ачып, жыйында жамааттык коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле ассамблеянын алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Отурумда сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалык кылуу милдети Казакстанга өтүп жатканын эске салып, Кыргызстан парламенттик ассамблеянын алдыдагы пландарын ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, ЖККУ ПАга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Армения, Беларусь жана Тажикстандын парламенттери мүчө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: