super.kg logo

Түркиядагы туристтер көп барган Сумела чиркөөсү (видео)

 

11-15-декабрь күндөрү Кыргызстандын жана Өзбекстандын журналисттер тобу Түркиянын Трабзон жана Ризе шаарларында болду. Трабзон шаарындагы туристтер көп барган, дүйнөдөгү эң эски курулуштардын бири Сумела чиркөөсү тууралуу баяндап беребиз.

Сумела чиркөөсү – Трабзондун визиттик картасы. Түркиянын “Алтын дере” улуттук паркынын аймагында жайгашып, жыл бою турист агылып барган тарыхый жай. Асканын бооруна жармаштырылып, 300 метр бийиктикке курулган чиркөөнү 4-кылымда грек кечилдери Варнава жана Софроний негиздеген деп айтылат. Албетте, бүгүнкү күндө чиркөө катары иштебейт. Бирок анын архитектуралык стили, кылымдар үнү жаңырган атмосферасы сизди кайдыгер калтырбайт. Бул жерден эмнелерди көрө аласыз? Ичкери киргенде эле ичи-тышына кооз сүрөттөр тартылган сыйынуучу жайды көрөсүз. Чиркөөдөгү эң алгачкы курулуш ушул. Андан тышкары орто кылымдарга таандык курулуштар: ашкана, сыйынуучу, уктоочу бөлмөлөрдү аралап чыга аласыз. Ачык асман алдында бир нече секиче жайгашкан, чиркөөнү ар кандай ракурстан карап суктанууга мүмкүн. Айрыкча бул жай христиан зыяратчылары үчүн эң ыйык жайлардын бири. Баса, Сумела чиркөөсү “Мариям эне чиркөөсү” деп да аталып жүрөт.

Толугу менен видеодон көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: