super.kg logo

Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн уюмдарга бөгөт коюу максатында рейддер жүрүүдө 

 

Кечээ, 25-декабрда мэр Айбек Жунушалиев жетекчилерге РИИБ менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү жана интимдик кызмат көрсөткөн уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча рейддерди өткөрүү тапшырмасын берген. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, рейддерге төрт райондун акимдери, райондук администрациялардын, укук коргоо органдарынын, Мамлекеттик салык кызматынын жана МАБдын кызматкерлери катышты.

Ага ылайык, Ленин районунун аймагында, атап айтканда, Кулиев, Үмөталиев, Москва жана Садырбаев көчөлөрү текшерилди. Окуянын чоо-жайын тактоо жана өздүгүн аныктоо үчүн 18 адам РИИБге жеткирилди.

Ал эми Биринчи Май районунда Кулиев, Павлов жана Москва көчөлөрү текшерилди. Натыйжада 16 жаран жагдайды тактоо жана өздүгүн тактоо үчүн РИИБге жеткирилген.

Октябрь районунда төмөнкү көчөлөр текшерилди:

- Ж.Пудовкин көчөсү;
- Элебаев көчөсү;3. Карасаев көчөсү;
- Ала-Тоо -3 чолок көчөсү;
- Медеров көчөсү;
- Беларусь көчөсү.

"Октябрь районунун аймагында жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексттин 80, 84, 214-беренелерине ылайык жалпы суммасы 59 миң сомдук протоколдор түзүлдү. Окуянын чоо-жайын тактоо жана өздүгүн аныктоо үчүн 2 адам РИИБге жеткирилди.

Свердлов районунда 16 жаран РИИБге жеткирилген. Аталган факты боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан эки адамга карата Кылмыш-жаза кодекстин 160-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Мындай иш-чаралар жакынкы күндөрү дагы уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: