Камчыбек Ташиев угуусу начар балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктады






Бүгүн, 26-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева Бишкектеги угуусу начар жана кеч уккан балдар үчүн №21 адистештирилген мектеп-интернатына барды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМКнын башчысы аталган мекеменин жалпы жамаатын жана окуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, бардыгына бекем ден соолук каалады. Андан соң УКМК жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан жаңы жылдык белектер тапшырылды.
Ал эми мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жакшы каалоо-тилектери менен кошо ыраазычылыгын билдирип, жаңы жылдык программа тартуулашты.
Жолугушуунун аягында аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.