super.kg logo

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүй облусунун элинин көйгөйүн укту

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүй облусунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууга президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын жетекчиси, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, райондордун прокурорлору жана облустун прокурорунун орун басары катышты.

Ага ылайык, жашоочулар негизинен жер үлүштөрүн алууда алардын укуктары бузулганына, ошондой эле жер участокторуна тиешелүү талаштуу маселелерди чечүүдө мамлекеттик органдар чара көрбөй жатканына арызданышты.

Ошондой эле алар балдарына жөлөк пул, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда жана башка жагдайларда алардын укуктары бузулуп жаткандыгы тууралуу айтышты.

Акимдер жана прокурорлор жарандардын арыздарына жеринде жооп берип жатышты.
Ысык-Ата районунун тургуну мамлекеттик органдарды дачаларда туруктуу жашаган элдин маселесин чечүүгө чакырды.

Ысык-Ата районундагы "Сары Жон" дача участкасынын жашоочуларынын бардык укуктары бузулуп жатат — коомдук транспорт жок, каттоого тура албайбыз, анын кесепетинен башка мамлекеттик тейлөөлөрдү да ала албайбыз. Мындан тышкары шайлоо учурунда добуш да бере албайбыз. Сары Жонго айыл макамын берүүгө көмөктөшүүңүздөрдү өтүнөбүз”, — деп кайрылды жолугушууга келген тургундардын бири.

Ысык-Ата районунун акими мындай көйгөй бул райондо гана эмес, дача участкалары бар башка райондордо да бар экенин айтып жооп узатты.

Мындан тышкары Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынын жашоочусу анын жер участогуна башка адамга “кызыл китеп” чыгарып беришкенин айтты.

Айылдын картасын түзүүдө ката кетиришип жана жер мага таандык деген белгини алып салышкан. Арызданып, Мамлекеттик архитектурага арыз жазып жүргөнчө менин жериме башка адамга “кызыл китеп” чыгарып берип салышыптыр. Мындай маселе менде эле эмес экен. Мамлекеттик органдардын эшигин жыртып, арыз жазып жатабыз, бирок баары натыйжа берген жок. Бул иштин баш-аягы, качан бүтөөрү да көрүнбөйт”, - деп тургун нааразычылыгын билдирди.

Анда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси бул ишти да өзүнүн жеке көзөмөлүнө аларын жана аталган айылдын баардык тургундарынын укуктарын калыбына келтирүүгө чаралар көрүлөрүн билдирди.

Ошондой эле Чүй областынын тургундары жер участокторуна карата өздөрүнүн укуктарын ишке ашыра албай келе жатышканын айтышты, анткени айыл өкмөтүнүн карамагында жер жок.

20 же 30 гектардан жерлерди “басып алышып” жана бул айыл өкмөттөрүндө жашабаган адамдарга эле жеке менчикке сатып салышкан. Мындан улам бизге жер үлүштөрү берилбей жатат, анткени жер жок. Ошондуктан биздин жер участокторун алууга болгон укугубузду калыбына келтирүүнү талап кылабыз”, - деп нааразы болушту Чүй облусунун тургундары.

Ага байланыштуу, акыйкатчы мамлекеттик органдарды жарандардын укуктары менен эркиндиктерин сактоону камсыздоого чакырды.

Жашоочулардын арыздарын өз көзөмөлүбүзгө алабыз. Мамлекеттик органдар бүгүн жолугушууга келген адамдардын маселелерин чечүүгө милдеттүү. Өз кезегинде алардын укуктарын коргош үчүн чараларды колдонобуз”, - деп айтты акыйкатчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: