super.kg logo

Жакындарыңыз үчүн мыкты жаңы жылдык белектер

 

Жаңы жыл жакындап калды жана жаңы жылда эң кызыктуу учур бар, ал – белектерди тапшыруу учуру. Белек тандай элексизби, бирок жакындарыңызга баалуу, керектүү жана пайдалуу нерсени белек кылгыңыз келеби? Beeline кеңселеринен сатып ала турган мыкты белектерди сунуштайбыз.

Эң кымбат белек – бул iPhone 15 Pro.

Эгер сиз премиум класстагы смартфон кааласаңыз, анда ишенимдүү жерлерден гана сатып алганыңыз оң. Apple компаниясынын ыйгарым укуктуу сатуучусу Beelineдын кеңселеринде расмий кепилдик менен оригиналдуу өнүмдөрдү сатып алсаңыз болот.

Жаңы жылга Beeline пайдалуу сунуш даярдады: IPhone 15 Pro 128 GB 111 900 сомдун ордуна атайын баа менен 103 000 сомго сатып алсаңыз болот.

Ошондой эле iPhone’дун каалаган моделин бөлүп төлөө менен аласаңыз болот. Бул учурда сиз төмөндөгүдөй кошумча бонустарды аласыз – “Алтын+” категориясына чейинки кооз номер, 4 жумага төлөнүүчү “Супер Чексиз” тарифи жана жыл бою ай сайын 20 ГБ интернет-топтом. Мындай белектердин комбинациясы сизге жагабы?

Пайызсыз бөлүп төлөөнүн эки варианты бар:

1) «Дос-Кредобанктан» 21 жаштан 75 жашка чейинки сатып алуучулар үчүн (паспортуңуз, акыркы 3 айдагы эмгек акыңыз тууралуу маалымкат же акыркы ай үчүн дүмүрчөк менен 3 айга патент болушу керек);

2) «Демир Банка» кредиттин карталарын колдонуучулар үчүн.

Эң сонун белек: Apple Watch Series 9 смарт-саат.

Apple’ден акылдуу сааттар стилди жана функцияналдуулукту баалагандар үчүн идеалдуу белек. Девайс күнүмдүк жашоодо пайдалуу жана ден соолукту көзөмөлдөөгө жардам бере турган кошумча функциялардын кеңири топтомдоруна ээ.

Смарт-сааттарды, iPhone жана Apple’дин башка өнүмдөрүн Beeline’дын Бишкектеги кеңселеринен сатып алууга, ошондой эле бөлүп төлөө менен алууга болот:

  • Asia Mall Соода борборунда (Айтматов пр., 3, 10:00 – 22:00);
  • «Асыл-Таш» Бизнес борборунда (Ибраимов көч., 115/1, 9:00 – 18:00);
  • «Бишкек Парк» Соода борборунда (Киев көч., 148, 10:00 – 22:00);
  • «Дордой Плаза-2» Соода-оюн-зоок борборунда (Ибраимов көч., 115, 10:00 – 22:00).

Эң пайдалуу белек: рюкзак, термокружка, футболка.

Ар бир күн үчүн пайдалуу нерселерди жактыргандар үчүн Beeline жогорку сапаттагы фирмалык өнүмдөрдү сунуштайт. 1925 сомдук ыңгайлуу рюкзак, 372 сомдук стилдүү термокружка жана 806 сомдук улуттук стилдеги эксклюзивдүү футболка жекече же комплект катары жакшы белек болот. Бул өнүмдөрду Beeline’дын борбордук кеңсесинен (Бишкек ш., Ибраимова көч., 115/1) сатып алсаңыз болот.

Анан, албетте, эң алмаштырылгыс белекти унутпаңызал жакындарыңыз менен байланышта болуу кубанычы. Келе жаткан жылы ушундай бактылуу учурлар көп болсун!

Beeline: 25 жылдык мүмкүнчүлүк жана инновация!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: