super.kg logo

Жаңы жылда - мыкты байланыш жана эң ылдам интернет менен

 

Эреже катары, жаңы жыл майрамдары мобилдик тармактар үчүн оор сыноо болуп эсептелет, бирок Beeline Кыргызстан үчүн эмес. Компания өз абоненттерин үзгүлтүксүз байланыш жана ылдам интернет менен камсыз кылуу үчүн түйүндүн сапатын жакшыртуунун үстүндө тынымсыз иш алып барууда. Көз карандысыз изилдөөлөр көрсөткөндөй, уюлдук оператор өз ишин ийгиликтүү аткарат.

Жыл сайын компания тармакты өнүктүрүүгө жана акыркы технологияларды киргизүүгө чоң инвестицияларды жумшайт. Beeline өлкө боюнча жаңы базалык станцияларды куруп, тармак менен жабдылуучу аймактарды кеңейтүүдө. Ал эми иштеп жаткан объектилерди үзгүлтүксүз модернизациялоо тармактын кубаттуулугун жогорулатууга, байланыш сапатын жакшыртууга жана маалыматтарды берүү ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугунун эң ачык-айкын тастыктаган көрсөткүч – интернет ылдамдыгын тестирлөө жана талдоо жаатындагы дүйнөлүк лидер Ookla’нын көз карандысыз изилдөөсүнүн жыйынтыктары болду. Speedtest тиркемесин колдонуу менен колдонуучулар маалыматтарды берүү ылдамдыгын өлчөштү, ал эми Ookla натыйжаларды талдады. Изилдөөлөргө ылайык, 2023-жылдын үчүнчү кварталында Beeline компаниясынын 4G интернети Бишкек жана Чүй облусу боюнча эң ылдам деп табылган.

– Биз түйүндүн сапатын жакшыртуу боюнча талыкпай иштөөнү улантып жатабыз жана алдыга көз чаптырсак, өтүп жаткан жылдын акыркы кварталы эң сонун көрсөткүчтөрдү көрсөтөт», - деп ой бөлүштү Beeline Кыргызстан компаниясынын башкы директору Андрей Пятахин. – Компания тармакты олуттуу модернизациялады, жаңы базалык станциялар өлкөнүн ар кайсы аймактарында, ал тургай мурда байланыш болбогон жерлерде да пайда болду. Эгер быйылкы жылы республиканын түштүгүндө бир топ иштерди жасаган болсок, ал эми жакынкы келечекте түндүк аймактарда, анын ичинде Ысык-Көл облусунда тармактын сапатын жигердүү өнүктүрүүнү пландаштырып жатабыз.

Beeline Кыргызстан өз абоненттери үчүн мыкты шарттарды түзүүгө умтулат жана өз максаттарына ишенимдүү түрдө жетет. Жаңы жылда уюлдук оператор өлкөнүн телекоммуникациялык рыногун жакшыртууну улантып, кыргызстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзө бермекчи.

Beeline: 25 жылдык мүмкүнчүлүк жана инновация!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: