super.kg logo

Сузакта токмоктолгон жаран ооруканада каза тапты. Шектүү катары анын бөтөлкөлөшү кармалды

 

Сузакта жарандын ден соолугуна оор залал келтирген деген шек менен тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгери милицияга телефон чалып, 22-декабрда саат 17:35 чамасында Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын М.А. аттуу 34 жаштагы тургуну көзү көгөргөн, эсинен танган абалда "Тез жардам" кызматы тарабынан оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, өзүнө келбей каза болуп калганын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Сузак районунун Багыш айыл аймагынын тургуну 1980-жылы туулган К.Ю. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө каза болгон жаран менен кылмышка шектүү спирт ичимдигин ичип отуруп, өз ара пикир келишпестиктен уруша кетип, шектүү каза болгон жаранды бир нече жолу уруп, ошол жерге таштап кетип калгандыгы белгилүү болгон.

Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: