Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттери бир күнгө убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркештам" көзөмөл-өткөрүү бекеттери 2024-жылдын 1-январында убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.
"Бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жыл майрамдаларына байланыштуу жабылат", - деп айтылат билдирүүдө.
Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 2-январда калыбына келтирилет.
Чек ара кызматы эскертет:
- "Торугарт-автожол" жана "Иркештам-автожол" өткөрүү жайлары штаттык режимде иш күндөрү – дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин иштебейт;
- эс алуу күндөрү – ишемби жана жекшемби күндөрү КӨЖнан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:58
2026-03-04
22:59
2026-03-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















