super.kg logo

«РСК Банк» №1 - 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча эң мыкты мамлекеттик компания  

 

«РСК Банк» ААК бардык Кыргызстандыктарды келе жатканЖаңы жыл менен куттуктайт! 2024-жылы ар бир үй-бүлөгөжылуулук, бекем ден соолук жана жигердүүлүк каалайт!

Бүгүнкү күндө «РСК Банк» ААК өнүгүп жаткан ири банктардын бири болуп саналат, ал өлкөдө биринчилерденболуп финансы кызматтарын жана продукттардыкеңейтүүгө, калкты колдоого жана банктык кызматтардын сапатын арттырууга багытталган инновациялыкдолбоорлорду жүзөгө ашыра алды.

Өтүп жаткан жылы «РСК Банк» финансылыккөрсөткүчтөрдүн активдүү өсүшүнө ээ болду. Алып карасак, банктын уставдык капиталы 9 400 822 000 сомгожетти. Таза пайданын өсүшү өткөн жылдын ушулмезгилиндегиге салыштырмалуу 228% түздү.

Экономикага кошкон салымы, кеңири тармакка, кардарларды сапаттуу тейлөөгө багытталган кызматтарыүчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинекараштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик агенттик тарабынан «РСК Банк» 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча эң мыкты мамлекеттик компания катары сыйлыкка татыктуу болду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров«Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалыкпотенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн» «РСК Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек НогаевгеКыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.

Долбоорду ишке ашыруу жана кызматташуу

«РСК Банк» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүсанариптештирүү багытында ийгиликтерге жетишти: RSK24 мобилдүү тиркемеси аркылуу бажы төлөмдөрүнтөлөөгө жана автоунаа каражаттарын кайра каттоодонөткөрүүгө, салыктарды жана салык карыздарын онлайн тартибинде төлөөгө, Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ)паспорт алууда, Жарандык абалдын актыларын жазуу жана«УНАА» мамлекеттик мекемесинин кызмат акылары жанаЖОЖдор пайдасына QR коддун жардамы менен төлөөгөболот. РСК Банк нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүжагында мамлекеттик программаны жигердүү ишке ашырууаркылуу 2023-жылы Кыргыз Республикасындагы бардыкфинансы-кредиттик мекемелердин арасында кызматкөрсөтүүлөрдүн бул түрлөрүн биринчилерден болуп ишкеашыра алганын баса белгилеп кетүүгө болот.

Декабрь айында «РСК Банк» жана MEGA мобилдүүоператору интеграцияланган мамлекеттик финтехэкосистемасын түзүү боюнча кызматташууну жарыялашкан. Алгачкы GovFinTech долбоорунун алкагында кызматташууинновациялык мобилдүү-финансылык технологиялардыиштетүү жана банк жана телекоммуникация кызматтарыныннатыйжалуулугун жогорулатуу үчүн эки алдыңкымамлекеттик компаниянын потенциалын бириктирүү менен иш алып барат. Ишкерлер үчүн уникалдуу бирдиктүүИшкер24” мобилүү тиркемесин биргелешип иштеп чыгуу тууралуу дагы буга чейин жарыяланган.

Белгилей кетсек, «РСК Банк» ААК АЧК, АӨКК,газдаштырууга жана башкаларга жеткиликтүү кредиттерди берүү боюнча мамлекеттик программалардын жигердүүкатышуучусу бойдон калууда.

«РСК Банк», ошол эле учурда, эл аралык алкакта абройго жана ишенимге ээ болуп калууда. 2023-жылы банк Дүйнөлүк сактык жана чекене банк кызматтары институтуна (WSBI) мүчөлүккө кабыл алынган, бул корреспонденттик эсептерди кеңейтүүгө жана эл аралык банктар менен тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет. WSBI 80 өлкөдө 6760 сактык жана чекене банктарды бириктирип турат.

«РСК Банк» өлкөдөгү адам укуктары, эмгек мамилелери жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу маселелерде корпоративдик жоопкерчилик боюнча БУУнун Глобалдык келишимине кошулган өлкөдөгү биринчи каржы институту болду, ошондой эле ESG-стандарттарын өз иши-аракетиндекеңири колдонуу менен, туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө. РСК Банк заманбап технологияларын сапатуу жана ыкчам өздөштүрүү акылуу кеңири тармакта, натыйжалуу өнүгүүнү улантууда.

РСК Банк – кеңири мүмкүнчүлүктөр!

Улуттук банктын №033, 033/1 лицензиясы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: