super.kg logo

Ырчы Акбар Сүйүнбаевге Кочкор районунун "Ардактуу атуулу" төш белгиси ыйгарылды

 

Ырчы Акбар Сүйүнбаевге Кочкор районунун "Ардактуу атуулу" төш белгиси ыйгарылды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал атуулдук сыйлыгын маркум атасынын жаркын элесине арнай турганын билдирген.

"Өзүң туулуп өскөн элиңден мындай сыйлык алуу өзгөчө сыймык жана жоопкерчилик экени талашсыз! Атуулдук сыйлыгымды атам Сүйүмбаев Темирбек Ильяс уулунун жаркын элесине арнайм! Атам Кочкор элинде орду бийик, чынчыл, эмгекчил элет жериндеги маданияттын чыныгы үлгүсү эле", - деп жазды ырчы.

Ал билдирүүсүндө ага колдоо көрсөткөн инсандарга ыраазычылык билдирген.

"Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып чыгармачылык жолумда мага акыл кебин айткан агай, эжейлериме, өнөр жолундагы улуу устаттарыма, досторума, кесиптештериме, ар дайым колдоо кылган бир туугандарыма, D Billions жааматына, жалпы Кочкор элине чын дилимден ыраазычылык билдирем", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, ырчы Акбар Сүйүнбаев 1985-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кара-Тоо айылында туулган. Аталган айылда 8-класска чейин окуп, андан соң Кочкор райондук №15-кесиптик лицейинде ветеринардык окуу жайын аяктаган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

"Супер-Инфонун" версиясы боюнча "2006-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон. Ырчы алгач "Сезим" аттуу ырын ырдап жүрүп, бирок чоң сахнага Султан Садыралиев менен биргеликте аткарган дуэти "Махабатым" ыры менен чоң сахнага чыгып, эл оозуна алынган.

Акбар Сүйүнбаев 2017-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.

Репертуарында "Ата-эне", "Көздөрүң", "Махабат көктөмү", "Кечирбейм", "Классташым", "Гүлүм", "Достор" жана башка 30га жакын ырлары бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: