super.kg logo

Beeline Кыргызстандан жаңы жылдык куттуктоо жана музыкалык белек

 

Жылуу каалоолор, жагымдуу жумуштар жана жаңы жылдык кереметти күтүү – мына ушулар үчүн биз жылдын аякташын абдан жакшы көрөбүз. Бардык туугандарыңызды жана досторуңузду бир дасторконго чогултуу мүмкүн болбосо дагы – мобилдик технологиянын жардамы менен майрамдык маанайды алыстан да бөлүшүүгө болот.

Beeline Кыргызстан уюлдук оператору кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы 2024-жыл менен куттуктайт! Майрам алдында компаниянын башкы директору Андрей Пятахин кайрылуу жасады:

«Кымбаттуу достор!

Сиздерди чын жүрөктөн жана чоң Beeline командасынын атынан келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Бул жыл сизге жана сиздин жакындарыңызга мүмкүн болушунча көбүрөөк бакыт, жакшылык жана сонун унутулгус көз ирмемдерди алып келсин.

Beeline, өз кезегинде, сүйүктүү адамдар менен баарлашуу кубанычын тартуулоого кам көрөт. Жаңы жылда биз сиздер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү, кызыктуу долбоорлорду жана сапаттуу өнүмдөрдү жаратууну улантабыз.

Beeline келе жаткан майрамдарга музыкалык белек даярдады. «Жаңы Жыл» атту көңүлдүү жаңы жылдык треги эң жакшы каалоолор менен жана биздин абоненттерди гана эмес, бардык кыргызстандыктарды кубантуу максаты менен жаралган. Биздин ушул ырдагыдай, бардык кыялдарыңыз сөзсүз аткарылсын.

Жаңы жылыңыздар менен

Beeline: ар бир адам үчүн 25 жылдык мүмкүнчүлүктөр!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: