"Жазга чейин басып калат деген үмүттөмүн". Блогер Аружандын кырсыктан кийинки абалы айтылды
Жол кырсыгына кабылган блогер Аружан Бекешеванын ден соолугунда өзгөрүү бар. Бул тууралуу анын жолдошу, блогер Арген Асанов өзүнүн социалдык тармагында окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анда ал өзү дагы учурда дарыланып жатканын кошумчалады.
"Аружандын ден соолугунда өзгөрүү бар. Бирок 3-4 ай баса албайт, буюрса жазга чейин басып калат деген үмүттөмүн. Мен дайыма жанындамын. Мен дагы башымдан, белимден сокку алыптырмын. Мындан улам учурда өзүм дагы дарылап жатам", - деген Арген.
Белгилей кетсек, блогер жубайлар 25-декабрда Оштон Баткен шаарын көздөй бара жатканда жол кырсыгына кабылышкан.
Анда айдоочу рулга ээ боло албай жол апаатына кабылып, жыйынтыгында айдоочу жана дагы бир жүргүнчү менен Аружан Бекешева жабыркаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.