super.kg logo

Чүйдө ок атуу менен коштолгон мушташ болду 

 

Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылында жергиликтүү тургундар мушташып, жаңжал ок чыгаруу менен аяктады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 4-январь күнү саат 01:00 чамасында "Ярмарка" дүкөнүнүн жанында буга чейин касташып келген эки жаран жаңжалдаша кеткен. Андан кийин 1996-жылы туулган жаран ТОЗ-16 мылтыгы менен 1991-жылы туулган жаранга ок чыгарган. Жабырлануучу алган жаракаты менен ооруканага түшкөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүү кармалып, камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: