super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Кыргыз журту Манас ата менен, Чыңгыз Айтматов менен сыймыктанат"

 
Бүгүн 12-декабрда ЖКнын жыйынынын ачылышында төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү экенин белгилеп, анын дүйнөлүк руханий казынага кошкон салымын баса белгиледи. "Кыргыз журту Манас ата менен, Чыңгыз Айтматов менен чындап сыймыктана алат. "Нобель" сыйлыгына ээ болгон француз жазуучусу анын "Жамийла" повестине "бардык мезгилдин мыкты сүйүү баяны" деген баасын бериптир. Бул – турмуш чындыгы. Ошондон улам, Жогорку Кеңештин токтому менен 12-декабрь – Кыргыз адабиятынын күнү катары жарыяланган",- деди Асылбек Жээнбеков. Ал эми депутат Эгемберди Эрматов бул күнү Чыңгыз Айтматов туулса, дагы бир кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күн экенин билдирди. "Бүгүн – улуттук адабият майрамы. Адабият улутту улут катары сактап, элдин жан дүйнөсүн жаңыртуу менен, ата-баба таберигин муундан-муунга жалгап турган руханий күлазык болуп саналат",- деди Эрматов. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: