Казакстанда 10 килограмм баңгизаты менен кыргызстандык кармалды
Бишкек ШИИББинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери
менен Казакстандын ИИМинин Транспорттогу баңгизаттарды ташууга каршы күрөшүү башкармалыгы
биргеликте Чу станциясында Орусияга маңзат ташууда бөгөт коюу операциясын ишке
ашырышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Бул тууралуу 18-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Кыргызстандын жараны Бишкек-Свердловск поездине
жайгашарда кармалып, анын баштыгынан 10 килограмм баңгизат табылган.
Аталган
факты боюнча “баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо, ташуу жана даярдоо” беренесине
ылайык кылмыш иши козголду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.