super.kg logo

Рэп ырларды аткарган Добр 35 жашка толду

 

Бүгүн, 11-январда рэп ырчысы Добр өздүк майрамын белгилеп жатат. Ал социалдык тармактагы баракчасына туулган күнүн утурлай билдирүү калтырды.

"Аллахыма жана мени бул жарык дүйнөгө алып келген ата-энеме ыраазычылык билдирем!", - деп кыскача жазган ал.

Добр 1988-жылы дал ушул күнү Бишкек шаарында төрөлгөн. 2008-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика-менеджмент факультетине тапшырып, 2013-жылы аяктаган.

Рэп аткаруучу шоу-бизнес чөйрөсүнө 2006-жылдан тарта аралашып, ошол эле жылы "Ата-эненин баркы" аттуу эң алгачкы ырын жаздырган.

Добр 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер рэп ырчысы" деп табылган.

Добрдун репертуарында жалпысынан 100дөн ашуун ыр жана 20дан ашык клиби бар. Бирок соңку жылдары жаңы чыгармалары жаралбай, шоу чөйрөсүнөн көрүнбөй кетти.

Ал 2015-жылы 4-ноябрда Жибек аттуу бийчи кызга үйлөнгөн. 2016-жылдын 19-августунда алар тун наристелүү болуп, ага Азирет аттуу ысым ыйгарышкан. Учурда жубайлар үч баланын ата-энеси.

Кепканы кыйшайта кийип, рэп ырларын аткарган Добрдын чын аты Адилет, ал эми фамилиясы Добранов. Сахнага фамилиясын Добр деп кыскартып чыккан.

11-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: