super.kg logo

"Карагыз" тасмасындагы ролу менен белгилүү болгон актриса Гүлсина Чотонова 49 жашка чыкты

 
Бүгүн, 11-январда өздүк майрамын актриса Гүлсина Чотонова белгилеп жатат. Актриса 49 жашка чыкты. Аны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда майрамды белгилебей турганын айтты.
"Силерге чоң рахмат, атайын чалып куттуктаганыңар үчүн. Абдан кубанычтамын. Азыр жумуштамын. Жумуш бүткөндөн кийин үйгө барып балдарым менен болом. Бул жылы шаан-шөкөт менен туулган күнүмдү тоспойм. Бирок жакындарымдан, досторумдан, чыгармачылыгымды билген адамдар тарабынан куттуктоолорду кабыл алып, жакшы сөздөрдү угуп жатам. Бул мен үчүн кубанычтуу нерсе. Өзүңүздөр билгендей былтыркы жыл мен үчүн оор жылдардан болду. Жамандыктын, кайгы-капанын баары ошол жыл менен кошо кетип калсын деп тилек кылып жатам", - дейт актриса.
Гүлсина Чотонова 1975-жылдын дал ушул күнү Жалал-Абаддын Аксы районунун Сыны айылында төрөлгөн. Ал "Карагыз" тасмасындагы ролу менен актрисалык тушоосун кескен.
Айылдагы орто мектепте 5-класска чейин билим алып, андан кийин Бишкектеги мектеп-интернатта билим алуусун уланткан. Мектепти аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде билим алган.
1997-жылы алгачкы эмгек жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында баштап, "Метомарфоза", "Карагыз", "Исход", "Сулайман-Тоо", "Туздуу талаа", "Көпөлөк" жана башка тасмаларга тартылган. Мындан сырткары ырчылык менен да алектенет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: