super.kg logo

Бишкекте мекендешин кайчы менен сайып жиберген дагы бир чет элдик жаран кармалды

 

Бишкекте мекендешинин денесине оор залал келтирүүгө шектелген чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Бишкек ШИИББинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, 7-январда Бишкек шаардык милициясына калаадагы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна курсагына бычак сайылган чет элдик жаран келип түшкөндүгүн билдиришкен.

Свердлов РИИБнин тергөө-ыкчам тобу жерине барган. Анда оозеки чыр-чатактан улам Б.К. аттуу чет мамлекеттин жараны А.Р. аттуу мекендешин ичине кайчы менен сайып жибергени маалым болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1990-жылы туулган жаран Б.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бардык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.

Милиция тараткан маалыматта чет элдик жарандардын кайсы мамлекеттин атуулдары экени так айтылган эмес.

Белгилей кетсек, кечээ да мекендешин өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен Пакистандын жарандары кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: