super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров "Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизди

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Аталган конституциялык мыйзам былтыр 29-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын максаты мамлекеттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга жарандык коомдун өкүлдөрүнүн натыйжалуу катышуусун камсыз кылуу болуп саналат.

Ага ылайык, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын алдында чечимдерди кабыл алуунун жана аларды ишке ашыруунун жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик органдын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсү үчүн коомдук кеңештер түзүлүшү керек. Коомдук кеңештердин курамына коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, мамлекеттик органдын ишине аралашкан чөйрөлөрдүн эксперттик жамааттарынын өкүлдөрү кирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: