Астанада Нурсултан Назарбаевдин эстелиги алынды
Коңшу Казакстандын биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин 2020-жылы 80 жылдык мааракесине карата ачылган эстелиги Астанадагы Улуттук коргонуу университетинин аймагынан алынып салынды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Эстелик учурда университеттин кампасында турат. Анын эмне себептен алынганы белгисиз.
Бул боюнча Казакстандын Коргоо министрлиги кийинчерээк маалымат берерин билдирген.
Белгилей кетсек, ушул эле университетке буга чейин биринчи президенттин ысымы берилген, бирок кийинчерээк Назарбаевдин ысымы алынып салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

12:14
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.