super.kg logo
  Саясат  

Эмил Жамгырчиев соңку жагдайлар тууралуу 17-январда парламентте маалымат берет

 

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев акыркы окуялар боюнча парламенттин 17-январдагы отурумунда кеңири маалымат берет. Бул тууралуу депутат өзү билдиргенин бүгүн, 13-январда "Азаттык" сайты жазды.

Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин имаратынан качып кеткен себебин, УКМКга барганга чейин кайда жүргөнүн айтып берерин кабарлаган.

Аны менен катар Өзбекстандын кримтөбөлү Салим Абдувалиевге жазган каты боюнча маалыматы жоктугун, ал эмне болгон кат экенин билбесин айткан.

«Болгон маалыматты мен атайын комиссиянын отурумунда айткам. Бул кылмыш иши бир жылдан бери келатат. Мен катты көрө элекмин. Эмне жөнүндө экенин билбейм. Бирок сессияга чыкканда, 17-январда мен да эмне болуп жатканы тууралуу сурайм. Ошол отурумда толук маалымат алсаңар болот», — деген Жамгырчиев.

Эске салсак, 9-январда Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген корутунду кабыл алган.

Ал эми 10-январда эл өкүлүнүн Ак үйдүн терезесинен секирип качкан видеосу тараган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында анын кармалбай турганын айтып, иши сотко өткөндөн кийин актыгын сотто далилдеши керек экенин билдирген.

Ал эми кечээ, 12-январда депутаттын УКМКга сурак берип чыкканы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: