super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров 2024-жылдын республикалык бюджетин бекитти

 

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда мамлекет башчынын маалымат кызматынан билиришти.

Белгилүү болгондой, аталган мыйзам былтыркы жылдын 14-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты бюджеттин орто мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо жана 2024–2026-жылдарда мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу башкаруу болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, 2024-жылы бюджетке түшө турган киреше 378 миллиард 405 миллион 583,1 миң сом, ал эми чыгаша 367 миллиард 493 миллион 223,5 миң сомду түзөт. Бюджеттин профицити 10 миллиард 912 миллион 359,6 сом болору такталган.

Ал профицит каржылык активдер менен болгон операцияларды жүзөгө ашырууга, тышкы карыздарды жабууга жумшалат.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын 2025–2026-жылдарга республикалык бюджетинин пландык көрсөткүчтөрү да жактырылган.

Мыйзам 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: