super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Мурда бийлик башындагылар өздөрү криминалдарга кошулуп алышчу"

 
Бүгүнкү күндө бийликти күч менен алмаштырууга эч негиз жок. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.
Анда журналист мамлекет башчысына "бийликти күч менен алмаштырууга негиз барбы" деген суроо узаткан.

"Бүгүнкү күндө бийликти күч менен алмаштырууга эч негиз жок. Биз андайга негиз да бербейбиз. Мурда эмне үчүн бийлик алмашчу эле? Бийлик башындагылар өздөрү баш болуп ууруларга, криминалдарга кошулуп алышчу.

Клан-клан, жердеш-жердешчилик болуп, мамлекетти жакындарына башкартып, экономикабызды уурдап, сазга батырып, шайлоолорду адилетсиз өткөрүп, элди ирээнжитип, чыдамын түгөтүшчү. Мына ошол үчүн революциялар болуп турган. Биз андайга жол бербейбиз. Шайлоолорду адилеттүү, так, таза өткөрүп турууга эркибиз жетет. Бизде башка өлкөлөрдөгүдөй, бюллетенди илгеркидей кол менен санамай жок. Жасоого да мүмкүн эмес. Мурдагыдай биринин бюллетенин экинчисине кошуп, кимдир бирөөнүн добушун көбөйтүп санап коюу мүмкүн эмес. Шайлоо бүтөрү менен жарым сааттын ичинде кимдер өткөнүн автоматташтырылган шайлоо системасы чыгарып коёт. Андан кийин бюллетендерди байкоочулардын катышуусунда кол менен да санап чыгышат", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал башаламандык уюштурам деген максатта эл топтой тургандар катуу жазаланарын белгилеген.

"Башкаруу системасына болсо жакындарыбызды аралаштырган жокпуз. Экономикабыздын кандай өсүп жатканын өз көзүңүздөр менен көрүп жатасыздар.

Дагы эмне керек? Кимде ким башаламандык уюштурам деген максатта эл топтой турган болсо, жообу катуу болот. Көп эл топтоп алып анан жанагыдай артынан атып же жардыруу кылып карапайым элдин арасынан бирөө жарымдын жабыр тарттырбай алдын алып, андай арам ойлуу лидерлердин сазайын колуна беребиз. Биз мурдакылардай аларды “эркелетип” олтурбайбыз. Биз үчүн мамлекеттин жана карапайым элдин коопсуздугу биринчи орунда турат. Ал эми бийликке келгиси келгендерге мыйзам чегинде шайлоо жолу менен бийликке келе бергиле демекчимин", - деди мамлекет башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: