super.kg logo

"Балка менен желкеге койгон". Сузакта аялын сабаган жаран камакка алынды

 

Сузакта аялына зомбулук көрсөткөн жаран камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун тургуну, 38 жаштагы келинди үйүндө 49 жаштагы жолдошу башы менен көзгө сүзүп, бетке чаап жана бөлмөдө турган балка менен желке тарабына уруп денесине жараат келтирген. Натыйжада келин денесинен алган жараатынан улам аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул окуя боюнча топтолгон метериалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон.

Окуя боюнча 1975-жылы туулган Д.Н. Сузак РИИБдин тергөө кызматында көрсөтмө берген. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 17-январда саат 22:00 чамасында үйүндө аялы баласын уруп жаткандыгына ачууланып, колунан кармап жулкулдатып, башы менен көз тарабына сүзүп жибергенин билдирген. Ошол учурда аялы бөлмөдө турган балка менен бут тарабына урган учурда, колунан балканы алып, кайра аялынын желке тарабына ургандыгын айткан. 18-январь күнү эрте менен аялы ооруп калгандыктан тез жардам кызматын чакырып, аларга кошуп бергендигин билдирген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө күйөөсү окуя болгон күнгө чейин дагы үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп келгендиги, бирок аялы эч жакка арыз жазбай жүргөндүгү белгилүү болгон.

Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Д.Н. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: