15-январдан 21-январга чейин Бишкек шаарынын айланасында жол эрежелерин бузган 9 миң 8 учур катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- 121 мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
- 293 унаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаргандыгы үчүн;
- 91 айдоочу унаа каражатын айдоочулук күбөлүгү жок башкаргандыгы үчүн;
- 104 айдоочу унаа каражатын көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашыкча айдагандыгы үчүн;
- 887 жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
- 5 миң 813 жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн;
- 24 айдоочу унаа каражатынын терезелерин мыйзамсыз карангылаткандыгы үчүн;
- 636 мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
- 1039 башка бузуулар.
Ошондой эле 10 65 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулганы айтылат.
"Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз", - деп жазылат анда.