super.kg logo
  Саясат  

Ош. Ачкачылык жарыялагандардын дагы үчөөсүнүн абалы начарлады

 
Саясий ачкачылык жарыялагандардын сабына эркек кишилер да келип кошулган
Саясий ачкачылык жарыялаган аялдар.
Саясий ачкачылыктын жүрүшүнөн.
Саясий ачкачылыктын жүрүшүнөн
Саясий ачкачылык жарыялаган аялдар.
Депутат Ахматбек Келдибековдун борбордук аянтта жайгашкан коргоо комитетинин штабы

20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип абакка алынган депутат Ахматбек Келдибековду бошотуусун талап кылып Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан депутаттын коргоо комитетинин штабында саясий ачкачылык жарыялаган жарандар ачкачылыкты улантышууда. Ачкачылык жарыялагандардын айтымында, бүгүн, 18-декабрда дагы 3 аялдын ооруканага жатканын маалымдашты. 

Буга чейин ачкачылык жарыялагандардын үчөө ооруканага жаткан болчу.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата "2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон" деген айып тагылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: