super.kg logo

Бишкекте велосипед уурдаган жаран видеого түшүп калган. Ал кармалды

 

Бишкекте велосипед уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 17-январда Б.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнүн калаадагы Асанбай кичи районунда көп кабаттуу үйдөн баасы 30 миң сом болгон "Author" үлгүсүндөгү велосипедин уурдатып ийгенин айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2001-жылы туулган Т.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүү милиция кызматкерлерине уурдаган велосипедди өз ыктыяры менен берип, буюм далил катары кылмыш ишине кошулган. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

"Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(701) 00-26-88, 0(500) 03-02-00 же 102", - деп айтылат билдирүүдө.






Видео: Октябрь РИИБ

Видео: Октябрь РИИБ

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: