super.kg logo

Баткендеги лицейде окуучуга кол көтөргөн мугалим камакка алынды. Окуянын чоо-жайы

 

Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" лицейинде окуучуну сабаган мугалим убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Баткен ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү иштеринин жүрүшүндө 35 жаштагы Г.О. аттуу мугалим 22-январда саат 22:30 чамасында 16 жаштагы окуучуну уктоочу бөлмөдө достору менен сүйлөшүп отуруп, катуу күлгөнү үчүн аны коридорго алып чыгып, кол көтөргөнү маалым болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Өспүрүмгө соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда башка окуучулардын ур-токмокко алынган-алынбаганы текшерилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги окуяга байланыштуу балдардын укуктарын коргоо комиссиясы түзүлүп жатканын маалымдаган. “Сапат” билим берүү мекемеси билдирүү таратып, окуучуларга кол көтөргөн мугалим менен лицейдин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары жумуштан алынганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: