super.kg logo

Чыгармачылыктан алыстап кеткен Абдумалик Шерматов 59 жашка чыкты

 

Бүгүн, 30-январда ырчы, актёр Абдумалик Шерматов 59 жашка чыкты. Ал 1965-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кароол айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөндөн кийин аскерге алынып, Орусиянын Ульяновск областында кызмат өтөгөн. Аскерден келген соң Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Окуусун бүткөндөн кийин "Жаштар" театрында иштеп, кыргыз эстрадасына кадам таштаган.

1988-жылы "Мосфильмде" алгачкы ролун жаратканга жетишкен.

"Бардыгы үчүн төлөнөт" тасмасында Чыңгыздын ролунда (1988ж)

Ырчынын биринчи жубайы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, атактуу актриса Шайыр Касымалиева. Алар Орусиянын Москва шаарында актёрлук жаатында билим алып жүргөн кездеринде 1-курста эле баш кошуп алышкан. Анда Шерматов 20 жашта, Касымалиева болгону 18 жаш­та болгон. Бала кезинен баш кошушкан түгөйлөрдүн сүйүүсү төрт жылга гана созулуп, окууларын бүткөндө эки ажырым жолго түшүшкөн. Бул аралыкта алар Мээрим аттуу кыздуу болушкан.

Шайыр Касымалиева менен ажырашкандан кийин Москвадан келип "Жаштар" театрында иштеп калат. Ошол жактан жаңыдан чыгып келе жаткан ырчы, учурдагы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Динара Акулова менен таанышкан. Ошентип, ортодо бир жарым жыл бойдок жүргөндөн соң ырчыга баш кошот. Бир кезде "Кош жылдыз" аттуу ыры менен хит болгон Абдумалик менен Динара тогуз жыл жашап, Малика аттуу кыздуу болушат. Кийин бат эле тагдыр экөөнү эки айрылыш жолго салган.

Абдумалик Шерматовдун маектеринин биринде “кудай буюрса, жүз аял алып, жүз бала жаратам...” дегени бар.

Бирок соңку кездери бул инсан чыгармачылыкта көрүнбөй кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: