super.kg logo
  Саясат  

Эл өкүлдөрү мамлекеттин Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу системин реформалоого багытталган мыйзам долбоорун колдоо зарылдыгын белгилешти

 

“Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында каралды.

Бул маселе боюнча баяндама жасаган коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов мыйзам долбоорунун концепциясы мамлекеттин аскердик коопсуздугун натыйжалуу камсыз кылуу максатында жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу системасын реформалоого багытталгандыгына токтолду.

Маалыматка ылайык, Куралдуу күчтөрдү реформалоодо төмөнкү иш-чаралар камтылган:

- Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын базасында куралдуу күчтөрдүн Башкы штабын түзүү жана аны куралдуу күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн Куралдуу күчтөрдүн борбордук аскер башкаруу жана негизги ыкчам башкаруу органы катары белгилөө;

- Коргоо министрлигинин жана Башкы штабдын Куралдуу күчтөрүнүн саясый-согуштук, административдик жана ыкчам башкаруу багытындагы функцияларын, коюлган тапшырмаларды жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү;

- Коргоо министрлигине мамлекеттин аскер саясатын ишке ашыра турган ыйгарым укук берүүнү тактоо.

 Талкууда депутаттар тарабынан чек ара кызматы менен Коргоо министрлигин бириктирүү мүмкүндүгү, бул багытта чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларын эске алуу, реформалоонун негизинде каражат талап кылынса, коргоо, коопсуздук маселесине каражат кароо керектиги белгиленип, мыйзам долбоорун колдоо зарылдыгын билдиришти. 

Депутат Исмаил Исаков “Өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн, коопсуздугун коргоо өтө маанилүү маселе, демек, бул стратегия, андыктан мыйзам долбоорун колдоо керек” деп демилгечи тарапты 2-окууга чейин айтылган сунуштарды эске алууга чакырды. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууга добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: