super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз футбол федерациясын эми Ташиев жетектейби? Президент футболдун айланасындагы суроолорго жооп берди

 

Мындан бир нече күн мурун Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитети менен президенти мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырды. Мындай чечим улуттук курама командасынын 2023-жылкы Азия Кубогундагы өткөргөн оюндарынын жалпы жыйынтыгына байланыштуу кабыл алынган. "Ак шумкарлар" Азия Кубогунда өз тайпасында үч оюнга чыгып, бир гана упайга ээ болуп акыркы орунду алды. Улуттук курамага ишенип, аягына чейин жан тарткан күйөрмандар оюндун мындай жыйынтыгына нааразы. Бул боюнча президент Садыр Жапаров дагы өз пикирин билдирди.

Маектин жүрүшүндө президент футбол боюнча курама командага акыркы убактарда тиешелүү шарттар түзүлүп, ырааттуу каржылоо башталганын билдирди. Бирок дароо эле жыйынтык күткөнүбүз адилетсиз болуп кала турганын айткан.

"Чындыгында, мурда футболчуларга жакшы көңүл бурулбай келген экен. Каржы маселеси толук чечилбептир. Былтыртан бери каржы маселесин чечип келе жатабыз. Стадиондорду дүйнөлүк стандартка ылайык келтирип, жаңылай баштадык. Быйыл беш миллион доллар акча бөлүп берели деген ниеттебиз.

Кыскасын айтсам, жыйынтыгын, жок дегенде, үч-төрт жылдан кийин күтөлү да. Анын үстүнө Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын. Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруш керек. Тартип болуш керек. Аны жакшы билебиз. Ошол үчүн кечээ Камчыбек Кыдыршаевичке: “Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы” деп сунуш кылдым", - деген Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: