Темир Сариев: "Датка-Кемин" станциясынын курулушу аяктаса, электр энергиясына байланыштуу көйгөйлөр азаят"
Бишкекте бүгүн, 18-декабрда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын долбоору талкууланууда.
Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев электр энергиясын ташуучу станциялардын курулушунун артыкчылыктары тууралуу айтып өттү. “Биз энергиянын транзити үчүн жыл сайын 10 миллион доллар төлөйбүз. “Датка-Кемин” станциясынын пайдасы чоң. Анын курулушу бүтсө, электр энергиясы боюнча маселелер чечилет. Ошону менен бирге 300 миң жумуш ордун түзүү программасын ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Бул 5 жылдык стратегиянын негизинде ишке ашырылат”,- деди Сариев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

