super.kg logo

"Кар жаайт". 2-февралга карата аба ырайы

 

Эртең, 2-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6 градус болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6 даража болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -2…-4 болушу күтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: