Өкмөт башчы журналист Талантбек Моңолбаевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына көңүл айтты
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору Талантбек Моңолбаевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына көңүл айтты. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди.
Маалыматта “Талант Моңолбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгын терең кайгыруу менен кабыл алдым. Анын туугандарына, жакындарына көңүл айтам жана кайгысын тең бөлүшөм” деп жазылган.
Эске сала кетсек, Талантбек Моңолбаев 15-декабрь күнү кан басымы жогорулап, 52 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ, 17-декабрда өз үйүндө болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

