Кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү "Манас" университетинин салымы
Бүгүн, 2-февралда Кыргыз-Түрк “Манас” университети кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган пресс-жыйын өткөрдү. Аталган университет негизделгенден тарта кыргыз тилин өнүктүрүүнү жана жайылтууну миссиясы катары кабыл алып, бул багытта орчундуу иштерди алып барууда. Жыйында ишмердүүлүгү жана учурда жүргүзүп жаткан долбоорлорун жарыялады.
Иш-чараны аталган окуу жайдын ректору Алпаслан Жейлан ачты.
“Биздин максатыбыз, Манас университети катары кыргыз тилин өнүктүрүү, тилдин колдонулушуна басым жасоо, аны жайылтуу. Биздин урматтуу президентибиз Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын жүз жылдыгы болот деген концепциясын түрк дүйнөсүнүн жүз жылдыгы болот деген концепцияга алмаштырып аны жарыялоодо. Түрк дүйнөсү өнүгүүсү үчүн түрк дүйнөсүнө кирген ар бир эл өз тилинде сүйлөөсү керек. Биздин биримдигибиз эне тилде сүйлөө менен ишке ашат.
Келе жатканда мындай статистикага көзүм түштү. Манас университети аркылуу 56 600дөн ашуун тил үйрөнүүчү кыргыз жана түрк тилин үйрөнүп чыгыптыр. Бул багытта иш-чараларды алгылыктуу жүргүзүп жаткандыгыбыз менен абдан сыймыктанам” ,- деди ал.
Андан соң кыргыз тили координатору Кыял Токтоналиева “Манас” университетинин кыргыз тилине кошкон салымы жана учурдагы долбоорлору тууралуу презентация жасады.
Бетачарда кыргыз тилиндеги “Алтын көпүрө” аттуу окуу китеби, 75 000 сөздөн турган “Кыргызча-түркчө сөздүк” Табигый илимдер жана Коомдук илимдер тармагындагы жогорку билим берүү мекемелеринде окутуу үчүн кыргызча сабак китептери даярдалганы белгиленди.
Мындан сырткары, “Алтын көпүрө” окуу китептеринин негизинде видео сабактар тартылып, You Tube тармагына жүктөлгөнү жана сайты ишке берилгени белгиленди.
Учурда ишке ашырып жаткан долбоорлорунун бири The Cramer Project команадасы тарабынан кыргыз тилинде иштелип чыккан жасалма интеллект AKYLAI долбооруна “Манас” университетинин синхрондук котормо жана компьютердик инженерлиги бөлүмдөрүнүн окутуучулары жана студенттери да катышууда.
Университеттин социалдык жоопкерчилик долбоорлорунун алкагында КТМУнун үзгүлтүксүз билим берүү борборунун имаратында Улуу Памирде жашагандарга кыргыз тилин үйрөнүүнү каалагандарга онлайн курстар берилди. Курстун соңунда ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.
Жакында аталган университеттин 3 окутуучусу Улуу Памирде 3 ай жашап, ал жактагы кыргыздарга жана кыргызча үйрөнүүнү каалагандарга кыргыз тили, тарых, көркөм өнөр багыттарында окутууларды өткөрүшөт.

