super.kg logo

34 кесиптик лицей жана колледж компьютердик техника менен камсыздалууда 

 

Билим берүү жана илим министрлиги, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында, 34 башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин жана Республикалык илимий методикалык борборду 695 миң 142 доллар өлчөмүндөгү компьютердик техника менен камсыз кылат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20 билим берүү мекемесинде компьютердик класс жана конференц зал, 7 кесиптик лицейде компьютердик класс толугу менен заманбап техника менен жабдылат. Ал эми 8 алдыңкы тажрыйба борборуна жарым өнөр жай 3D-принтер сатып алынат.

"Жана аталган окуу жайлардын окутуучулары үчүн жаңы жабдуулар менен колдонуу боюнча окутуу уюштурулат",- деп аталат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: