Бишкекте өспүрүмдөргө спирт ичимдигин саткандар жоопко тартылышты
Бүгүн, 18-декабрда Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарынын Октябрь жана Ленин райондук милициясы, жаштардын “Dilgroup” бирикмеси менен биргеликте шаардын бир нече дүкөндөрүндө рейд өткөрдү. Анда 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө спирт ичимдиктеринин жана тамекинин сатылып-сатылбаганы текшерилди. Рейд учурунда өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдик саткан дүкөн ээлерине 5 миң сом айып пул салынып, эскертүү берилди. Кыргызстанда 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынган. Мындай мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев быйыл жайында кол койгон. Мыйзамга ылайык, жашы жете электерге спирт ичимдиктерин саткандарга жана лицензиясы жок соода кылгандарга администрациялык жоопкерчилик күчөтүлгөн.
Автор: Дамира Арстанова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

