super.kg logo

МBANK мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттарды түзөт

 

ААК «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» | MBANK Кыргызстандагы биринчи банк болуп кардарлар менен Брайл арибинде келишим түзүп, бул шрифт менен төлөм терминалдарын жана үн жардамчысын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү менен, өз ишинде үндүү планшеттерди жана аудиосу бар банкоматтарды колдонот.

Кыргызстанда 217 000 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар жана алар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү маанилүү.

MBANK өзүнүн жогорку социалдык жоопкерчилигинин алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен өз ара аракеттенүү, шарттарды жакшыртуу жана жумушка орноштурууга бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзөт.
3-февральда атайын MBANK’тын Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы филиалдарынын кызматкерлери үчүн банктык кызматтарды көрсөтүүдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен кантип туура иштөө боюнча тренинг өткөрүлдү.

Тренингдин спикери атактуу спортчу - паратриатлончу, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген Айтунук Жоомарт кызы болду, ал дагы MBANK’тын көптөн бери кардары:

«Мүмкүнчүлүгү чектелген адам – биринчи кезекте, адам жөн гана физикалык өзгөчөлүктөрү менен. Бизге да ушундай мамиле кылууну каалайбыз. Банктын кызматкерлери кардарлар менен дайыма байланышта, ошондуктан бүгүнкү күндө тренинг өтүп жатат, бул мүмкүнчүлүгу чектелген адамдар менен иштөөдө этикалык жүрүм-турушун билүү жана колдонуу маанилүү».

Иш-чарада банк кызматкерлери, Кыргыз Улуттук банктын өкүлдөрү жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катышты.

Келечекте банк мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды да жумушка алууну пландоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: