super.kg logo

Бишкекте "Үмүт" эл аралык кино форуму өтөт

 

Бишкекте “Үмүт” эл аралык кино форуму 29-марттан 1-апрелге чейин болот. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, форум режиссёрлордун жаңы ысымдарын табуу, таланттуу жаштарды колдоо, КМШ өлкөлөрүнүн жалпы эле кинематография жана маданият тармагындагы диалогун өнүктүрүүгө шарт түзүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Ага ылайык, бул жылы тасмаларды көрсөтүү кино адистери менен талкуу форматында өтөт, анда Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн алдыңкы кинематография адистеринин эксперттик пикирлери, сунуштары жана сунуштамалары орун алат.

Ошондой эле белгилүү кинематографисттердин кызыктуу мастер-класстары жана "А"классындагы абройлуу дүйнөлүк кинофестивалдардын катышуучуларынын салттуу атайын көрсөтүүлөрү күтөт.

"Мындан тышкары форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандары үчүн питчинг сессияларын өткөрүү мерчемделүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча режиссёрлор долбооруна жарым-жартылай каржылык колдоо алууга мүмкүнчүлүгү бар",-деп айтылат маалыматта.

Форумдун программаларына катышуу шарттары менен http://iffumut.com/
сайтынан тааныша аласыздар.
Арыздар 2024-жылдын 18-мартына чейин кабыл алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: