super.kg logo
  Саясат  

Парламентте КРдагы орусиялык аскердик база тууралуу мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жиберилди

 
Бүгүн, 12-декабрда ЖКнын жыйынында “2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган КРнын аймагындагы бириктирилген орусиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө КР менен РФнын ортосундагы макулдашууну жана КРнын аймагындагы бириктирилген орусиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө КР менен РФнын ортосундагы макулдашуу колдонууга киргенге чейинки мезгилде КР менен РФнын ортосундагы аскер жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.Бул мыйзам долбоорунун максаты КРнын аймагында орусиялык аскердик түзүлүштөрдүн туруусун жөнгө салган эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү болуп саналат. Талкууда Ысык-Көл облусундагы тарпедолорду сыноодо экологиялык маселелер айтылды. Депутат Токон Мамытовдун айтымында, тарпедолор электр кубаты менен (мотор) иштерин, сыноодон соң алар көлдүн түбүндө калбастыгын түшүндүрүп берди. Жыйынтыгында айрым сунуш-пикирлерди эске алуу менен тармактык комитеттердин аталган ратификациялык мыйзам долбоорун жактыруу боюнча корутундусунун негизинде добуш берүүгө жиберилди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: