Жолдошбек Жанжигит уулу Бишкек шаардык драма театрынын директору болуп дайындалды

“Жаңы жетекчи 6-февралда жалпы жамаатка тааныштырылды. Жолугушууда театрдын репертуардык саясаты, чыгармачылык ишмердүүлүктүн багыттары, долбоорлор талкууланды”, - деп айтылат маалыматта.
Жолдошбек Жанжигит уулу эмгек жолун 2001-жылы "Учур" театрында актёр болуп баштаган. 2011-жылдан бери Кыргыз-түрк "Манас" университетинде ага окутуучу. 2020-жылы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын директору болуп иштеген. Соңку жылдары Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгында иштеп келген.
Жолдошбек Жанжигит уулу 1980-жылы 12-майда Кемин районунун Тегирменти айылында туулган. Үй-бүлөлүү, эки эркек, бир кыздын атасы. Жубайы Анара Ажыканова "Учур" театрында актриса.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.