super.kg logo

Милиция кызматкери Гүлжан Урмат кызы: "Балалык кездеги кыялым орундалды"

 

Милициянын кенже сержанты Урмат кызы Гүлжан учурда Баткен РИИБинин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын милиция кызматкери болуп кызмат өтөйт. Ал 1996-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылында туулган. Төрт бир туугандын кенжеси. 2013-жылы ОшМУнун орус филология факультетине тапшырып, 2017-жылы аяктаган.

Азыркы учурда ИИМдин Академиясында да билим алып жатат. Ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн мурда журналисттик кесипти аркалаган.

- Кыргыз милициясында кызмат өтөөгө эмне түрткү болду?

- Кыргыз милициясында кызмат өтөө бул менин балачагымдагы кыялым эле. Мектепти аяктаган соң эмнегедир ата-энем бул кесипти тандашыма каршы болушкандыктан башка окуу жайга тапшырганга аргасыз болгом. Бирок эч өкүнбөйм. Анткени ОшМУда окуп жүрүп, мен журналистика тармагына аралашып, ар кандай багыттагы маалыматтарды коомчулукка жеткирип, көп тажрыйба топтодум. Бирок ошого карабастан балачагымдагы аруу кыялдарым оюмдан кетпей, мен милицияда кызмат өтөөнү кыялданып жүрдүм. Бул максатым ишке аша турганын досторума, журналист кесиптештериме айта берчүмүн. Бир күнү бир таанышым айтып калды. “Сенин мүнөзүң милицияда кызмат өтөөгө ылайыктуу, өжөрлүк, кайраттуулук, чечкиндүүлүк бар. Азыр деле кеч эмес. Окууга тапшыр, сынакка катыш. Эгерде сага ушул кесип чындап буйруган болсо, анда иштеп кетесиң”,-деп ал таанышым мени шыктандырып койду. Ошол сөз мага чоң таасир калтырды окшойт, дароо Баткен ОИИБде ички иштер органдарынын кенже курамы үчүн сынак болуп жатканын угуп, документтеримди тапшырып, ийгиликтүү өтүп кеттим.

-Журналистика тармагында да тажрыйбаңыз бар. Милицияда кызмат өтөөдө мурдагы кесибиңиз кандай таасир этет?

- Журналистика тармагында, тактап айтканда ЭлТР, NewTV каналдарында мен 6 жылдан ашык иштедим. Азыркы учурда Баткен РИИБнин Көк-Таш айыл аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматында иштеп келем. Мурдагы кесибимде мен эл аралап элдин көйгөйүн телеберүүлөр аркылуу чагылдырып келсем, азыр эл аралап, алардын коомдук коопсуздугун камсыздап, эл менен тыгыз байланышта иш алып барам. Мындайча айтканда, журналисттик кесип менен менин азыркы жумушумдун бир аз болсо да окшоштук жагы бар. Ал эми милицияда кызмат өтөөдө, менин мурдагы кесибим чоң салым кошту. Жарандар менен сүйлөшүүдө бат тилин таап, маселесин бат чечип берем.

- Баткен облусунда коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузууларды алдын алууда сиз үчүн оорчулуктар барбы?

- Албетте, ар бир кесиптин өзүнүн түйшүгү болот. Талыкпас эмгек тоодой тоскоолдукту жеңет. Бүгүнкү кылган мээнетибиз, эртеңки күнү сөзсүз үзүрүн берет. Биз күнүгө ар кандай адамдар менен иштешебиз, кээ бири түшүнүктүү болот, кээ бири бир аз ачуулукка алдырып коюшат. Бирок кандай гана учур болбосун эл менен сылык мамиледе иштешип, бирөөнүн сөзүн уга билүү жана ага туура түшүндүрүү жөндөмү менен маселени чечип, ар кандай кырдаалдан чыгып кетсек болот. Айрым учурда кесиптештерибиз эмоцияга алдырып, өздөрүнүн ишин татаалдаштырып алат. Ошондуктан эң башкысы биз өзүбүздүн эмоциябызды башкара билишибиз керек деп эсептейм.

- Аялзаты үчүн милицияда кызмат өтөөдө кандай өзгөчөлүктөр бар?

- Ички иштер органдарында сен кыз баласың же сен эркек баласың деген түшүнүк жок. Сен ички иштер органдарында иштеп жатасыңбы, демек сен милиция кызматкерисиң. Баарына бирдей тартип. Аялзатынын бактысы үй-бүлөдө экендиги талашсыз деп коюшат го. Менин оюмча милиция айымдардын өзгөчөлүгү ушунда болуш керек. Кечке жумушта, кээде кезметке туруп калат. Бирок ошого карабастан милицияда кызмат өтөгөн айымдар үй-бүлөдө мээримдүү эне, сүйүктүү жар, кайын-журтта ыймандуу, мээнеткеч келин болуп жетишсе, кызматта мырзалар менен бирге иштеп, коомдук коопсуздукту камсыздашып, кылмыштуулук менен күрөшүп келгени анык. Мен дагы бул кесиптин тузун татып калган соң, ушул кызматтын үзүрүн көрүп, татыктуу тартип сакчысы болууну көздөйм.

- Келечектеги пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз.

- Негизи мен алдын ала бир нерсени көп пландай бербейм. Азыр болсо, сыймыктануу менен кыргыз милициясына кызмат өтөп жаткан кезим. Алдыда мени эмне күтүп жатат, алдын ала айта албайм. Аялзаты үчүн үй-бүлө биринчи орунда турушу керек. Балким турмушка чыгып кетсем, жолдошумдун пикири кандай болот? Колдойбу же жокпу дегендей. Эгер менин тандоомду колдоп, түшүнүү менен кабыл алса, ак ниетим менен ички иштер органдарында кызмат өтөөгө даярмын.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: