УКМКнын "Калкан" спецназынын командасы Дубайда ийгиликтерди багындырды (видео)

Маалымдалгандай, Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында болуп өткөн эл аралык мелдешке 40тан ашуун өлкөнүн, 70тен ашуун командасы катышып, анда УКМКнын "Калкан" 9-атайын бөлүкчөлөрүнүн командасы алдыңкы тайпалардын бири катары 4-орунга ээ болду.
Ага ылайык, 3-7-февраль күндөрү болуп өткөн эл аралык сынак атайын даярдыктагы аскерлерге өз өнөрүн, кесипкөйлүгүн жана достук мамилесин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
"Мелдештин биринчи күнүнөн тарта “Калкан” атайын күчтөрүнүн командасы эң татаал кырдаалдарда мыкты чеберчиликти, укмуштуудай күчтү, тартипти жана тапкычтыкты көрсөтүштү. Тайпанын ар бир мүчөсү ийгиликке жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап, дүйнөнүн төрт бурчунан келген командалардын курч атаандаштыгына карабастан, жеңиштин жолунда турган бардык кыйынчылыкты жеңип чыга алды",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2023-жылы “Калкан” спецназынын командасы жалпы командалык таймашта 8-орунга ээ болсо, жеке машыгуулардын биринде 3-орунга ээ болгон.
аа
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.