Келдибековдун камалышынын мыйзамдуулугу иликтенет
Жогорку Кеңеште депутат Ахматбек Келдибековдун камалышынын мыйзамдуулугун иликтеген комиссия түзүлдү. Бул сунушту депутаттардын 69у колдоду. Комиссияга ар бир фракциядан бирден өкүл кирди. Алар: "Ата Мекенден" Туратбек Мадылбеков, "Ата Журттан" Надира Нарматова, "Ар-намыстан" Бактыгул Маматов, "Республикадан" Абдыжапар Бекматов. Ал эми КСДП фракциясы кийинчерээк сунуштаарын билдирди.Эске салсак, “Ата Журт” фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков коррупцияга шектелип өткөн айда УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Учурда депутаттын тарапташтары анын негизсиз камалганын, бийликтин коррупцияга каршы күрөшү бир жактуу болуп жатканын айтып Оштун бордук аянтына штаб ачып, саясий ачкачылык жарыялашууда.
Автор: Дамира Арстанова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

