super.kg logo

Ырчы Нур Чолпон "Маданияттын мыкты кызматкери" наамы менен сыйланды

 
Бүгүн, 9-февралда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов уникалдуу колоратуралык сопрано ырчысы, көп жанрлуу жана полиглот аткаруучу, жаш композитор Нур Чолпонго “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министр, Нур Чолпондун маданият жаатында жасап жаткан эмгектерине, жараткан жетишкендиктерине кабардар экенин белгилеп, келечекте мындан да чоң ийгиликтерди багындырарына ишенимин билдирди.
Жакында Нур Чолпон Японияда “Otogi Koubou"компаниясы менен келишимдин негизинде эки жыл билим алып музыкалык тажрыйбасын арттырып келди.
Жаш талант композиторлор союзунун мүчөсү. Жаштардын "АйТентек" операсынын автору, "Эрмен жыты" тасмасынын композитору. Көптөгөн вокалдык жана хордук чыгармалардын автору катары белгилүү.
Маалымат үчүн: Нур Чолпон чыгармачылык чөйрөгө кичине чагынан эле аралашып келет. 5 жыл балдар музыкалык мектебинде скрипка жана гитара адистиги аны менен катар 8 жыл Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт окуу жайында билим алган. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын Академиялык вокал жана Музыка теориясы боюнча адистиктерин артыкчылык дипломдору менен аяктаган. К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын Композиция факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: