super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте “Үй-бүлөнү зордук-зомбулук, социалдык жана укуктук жактан коргоо” боюнча мыйзам долбоору сунушталууда

 

Бишкекте “Үй-бүлөнү  зордук-зомбулук, социалдык жана укуктук жактан коргоо” боюнча мыйзам долбоору сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Социалдык коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сунушталып жаткан нормативдик документ 2003-жылы кабыл алынган “Үй-бүлөнү зордук-зомбулуктан жана социалдык, укуктук жактан коргоо” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана толуктоо болуп саналат. Бул долбоор БУУнун Эл аралык өнүгүү программасынын колдоосунда ишке ашмакчы.

Аталган долбоордун максаты - үй-бүлөдөгү ар кандай зордук-зомбулук жана гендердик теңсиздиктин алдын алуу, үй-бүлөнү социалдык, укуктук жактан коргоо.

Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда күн сайын үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны өсүүдө жана анын кесепеттери ар кандай кайгылуу окуяларга алып келүүдө. Статистикалык маалыматтарга таяна турган болсок, үстүбүздөгү жылы ар кандай себептер менен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны эки миңден ашкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: