super.kg logo

Кыргызстан Түркиядагы эң ири онлайн соода жүргүзгөн компаниялар менен кызматташат 

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында электрондук коммерция боюнча “Trendyol” логистикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, Жапаров аталган логистикалык борбордун өкүлчүлүгүн Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагына ачууну жана өлкөдө онлайн соода жүргүзүү ишин жандантууну карап чыгуу тапшырмасын экономика жана коммерция министрине берди.

"Ал эми “Trendyol” компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандын 50 миңге жакын жараны тиркемени уюлдук телефонго жүктөгөнүн, ошол себептүү ар тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, “Trendyol” Түркиядагы эң ири онлайн соода жүргүзгөн компания, мында 18 миллион товардын түрү бар. Күнүнө дүйнөнүн 30 миллиондон ашуун сатып алуучуларын тейлейт. Кытайдын “Alibaba” компаниясы “Trendyol” компаниясынын 86 пайыз акциясына ээ", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: